БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде украин кризисин жөнгө салууга Вашингтондун кошчу салымы тууралуу айтканын РИА Новости жазды.
Анын баамында, бардыгы АКШ президенти Дональд Трамп менен командасынын конкреттүү кадамдарынан көз каранды.
“Баары жаңы администрациянын анык бир аракеттерине жана пландарына жараша болот. Азырынча айтылган сөздөрдү гана угуп жатабыз. Кандайдыр бир кадамдарды көрө элекпиз, тактык жок. Демек, бул контекстте сүйлөшүүнүн келечегин талкуулоо эрте. Конкреттүү кадамдарга жана аракеттерге таянабыз”, — деди Захарова.