Бишкектеги эл аралык кинофорумда жаш кинематографисттердин ассоциациясы түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте өткөн "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофорумунда жаш кинематографисттердин эл аралык ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюмунан билдиришти.
Аталган кинофорум 2-4-февраль күндөрү өтүп, 3 миңден ашуун адам катышты. Анда тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, актёрлор менен жолугушуулар уюштурулду.
1 / 4

Бишкекте өткөн "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофорумунда жаш кинематографисттердин эл аралык ассоциациясы түзүлдү

2 / 4

Бул тууралуу "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюмунан билдиришти

3 / 4

Аталган кинофорум 2-4-февраль күндөрү өтүп, 3 миңден ашуун адам катышты

4 / 4

Анда тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, актёрлор менен жолугушуулар уюштурулду

"Иш-чаранын акыркы күнүндө "Евразия" уюуму жаш кинематографисттердин эл аралык ассоциациясы түзүлгөнүн жарыялады. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен 150 адам кирди. Уюмдун биринчи отурумунда Евразиядагы жаштардын кинокластерлерин өнүктүрүүгө басым жасоо жана кино тармагындагы жаш таланттарды колдоо чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
"Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлордун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда такшалуу, медиамектеп бар.
Пресс-борбор
Матвейчук: “Евразия-Кинофест жаңырыгы” кинорежиссерлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүк