БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда компот жана шербет өндүрүүчүлөрдү акциздик салыктан бошотуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана комерция министрлиги даярдаган.
Салык кодексине ылайык, шекер кошулган суусундуктарга 1 литри үчүн 100 сом акциздик салык белгиленген. Бирок министрлер кабинетинин 2022-жылдагы токтому менен аталган товарларга бул салыктын түрү үч сом деп белгилеген.
Президент 2040-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин кеминде 50 пайызга жеткирүүнү тапшырган. Ошондой эле ЖК депутаттары жергиликтүү дыйкандардын продукцияларынан жасалган компот, шербет жана башка суусундуктарды акцизден бошотууну сунуштаган. Мындан улам аталган суусундуктарды 1-майдан тарта акциздик салыктан бошотуу пландалууда.
"Компоттор, шербеттер, нектарлар жана соктор акциздик салыктан бошотулса өздүк наркы төмөн болуп, чет өлкөлүк рынокторго чыгууга мүмкүн болот. Кайра иштетилген продукцияны экспорттоо эки эсеге жогорулап, ал эми табигый кыргыз продукциясы экологиялык таза товарлардын сегментин ээлей алат", — деп жазылган негиздемеде.
Ошондой эле акцизди жокко чыгаруу суусундуктун баасын арзандатып, калкка табигый суусундуктарды жеткиликтүү кылары кошумчаланган.