Лавров: Россия Трамптын Украинаны НАТОго тартуу жаңылыш болгон деген сөзүн кубаттайт

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Украинаны НАТОго тартуу чоң катачылык болгон деген сөзүн кубаттайт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров чет элдик элчилер менен уюштурулган тегерек столдо билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Президент Трамп Байдендин администрациясынын украин кризисин жөнгө салуу боюнча позициясын сындап жатып Украинаны НАТОго тартуу чоң ката болгонун биринчи жолу ачык айтты. Биринчи жолу батыш лидеринин, болгондо да АКШ президентинин оозунан ушул сөз чыкты. Кубаттай турган нерсе. Биринчи жолу НАТО АКШ чындап талкуулай турган маселе экени так көрсөтүлдү", — деди Лавров.
Министрдин сөзүнүн урунттуу учурлары:
ЮНЕСКОнун жетекчиси Одри Азуле ансыз да тамтыгы чыккан уюмдун күн тартибин украинизациялоого ыктап жатат;
Батыш адилеттүү атаандаштыкты эчак эле жокко чыгарып койгон. Мексика, Панама жана Дания азыр муну жон тери менен сезүүдө;
жокко чыгаруу маданияты эми Жакынкы Чыгышка ооду: алгач Батыш жапырт Палестина маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешине ишеним көрсөтсө, бүгүн Трамп Газа секторунун жашоочуларын Египет менен Иорданияга көчүрүп, аймакты курортко айландырууну сунуштап жатат;
БУУнун баш катчысы Украина маселеси боюнча Батыштын жетегинде калууда.
"Чындыкты жокко чыгаруу — үстөмдүгүн сактап калуунун дагы бир айласы. Эки жума мурун Холокост күнүнө карата БУУнун Башкы Ассамблеясында баш катчы батыштагылардын айтканын кайталап, Освенцимди чынында ким бошотконун айткан жок. Кызыл армия унутта калды", — деди Лавров.
Киевдеги Майданда америкалык желектер. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg АКШ Украина боюнча тынчтык планын качан ачыктай турганын жазды