БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өнөр жай тармагындагы ишкерлер ЕАЭБден финансылык колдоо ала алышат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.
Ал Алматы шаарында өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде кеп үч мамлекеттин өкүлү катышкан кооперациялык долбоорлор тууралуу болуп жатканын белгиледи.
"Долбоордун катышуучулары биримдиктин бюджетинен кредиттин пайыздык ченин жабуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Субсидиялоо мөөнөтү беш жылга, максималдуу сумма жылына 50 миллион рублге чейин жетет. Бул максаттар үчүн жалпысынан 3,4 миллиард рубль каралган", — деди Малаев.