БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 9 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.
Ал Алматыда өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынынын жыйынтыгы боюнча брифингде бул өткөн жылдын 11 айындагы көрсөткүч экенин айтты.
Малаевдин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге айыл чарба продукцияларын жана жеңил өнөр жай товарларын экспорттойт, импорттогон товарлардын арасында да айыл чарба азыктары, курулуш материалдары жана күйүүчү май бар.
"Бул аралыкта Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 4,49 миллиард долларга жетип, 9 пайызга өстү. Уюмдун өлкөлөрү менен товар жүгүртүү өлкөнүн жалпы тышкы соодасынын 30 пайызын түздү", — деген Малаев.
Ал ошондой эле кыргызстандык продукциянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 1,36 миллиард долларды түзүп, 17 пайызга өскөнүн жана бул республика экспортунун 40 пайызын түзөрүн кошумчалады. Ал эми ЕАЭБден импорттун көлөмү 3,12 миллиард долларды түзүп, 6 пайызга өскөн, анын үлүшү жалпы импорттун 28 пайызын түздү.