Радио

Алиев: Кыргызстанда эң көп өскөн дарак — арча

ӨКМге караштуу Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев
ӨКМге караштуу Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык мерчемдөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев өлкө аймагынын 6,3 пайызын токой ээлей турганын айтты.
Sputnik
Өлкөдө токойлор төрт түргө бөлүнөт. Алардын ичинен эң ириси — арча токою. Бул тууралуу Майрамбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арча токойлору Баткен жана Ош облусунда көп.
"Кыргызстанда токойлор төрт түргө бөлүнөт. Алардын ичинен эң ири аянтты ээлегени — арча токою. Баткен жана Ош облусунда арбын. Аянты боюнча андан кийинки эле жаңгак токою. Ал Жалал-Абад облусунун аймагында. Андан кийин Тянь-Шань карагайынын токою турат. Ал Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарындагы тоо кыркаларында өсөт. Суу жээгинде өскөн токойлор Кыргызстанда өзүнчө токой аянты болуп эсептелип, көлөмү жагынан төртүнчү орунду ээлейт. Ага терек, кайың, чычырканак токойлору кирет", — деди Алиев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү токойлордун аянты өткөн кылымдын ортосунан бери эки эсе өскөнүн айтты.