Европадагы уюшкан кылмыштуу топту жетектеген аял Бишкектен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кылмыштуу топту жетектеген чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 56 жаштагы А.Г.М. Интерпол боюнча издөөдө жүргөн.
"Кармалган аял Варшавада кылмыштуу топту жетектеген. Аталган топ 18 килограмм амфетаминди, ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды, анын ичинде 16 500 экстази таблеткаларын жана алты килограммдан ашык марихуананы, жалпы алты миллион жасалма злотый валютасын жүгүртүүгө киргизишкен", — деп жазылат маалыматта.
Шектүү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Ленин РИИБине алып келингени кошумчаланды.
УКМК: Көлбаев үчүн өч алууну көздөгөн Өгүз кармалды