"Британия менен Украина миң жылдан бери кызматташып келет". Лондондун "тарыхы"

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми жана Владимир Зеленский
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Украинага келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Владимир Зеленский менен жолугушуусунда Лондон менен Киев жүздөгөн, миңдеген жылдардан бери кызматташып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Британ ТИМинин башчысы өлкөсү Украина менен атам замандан бери кызматташып келерин, анткени "миңдеген жылдар мурун британиялык княздар Киевдин канбийкелерине үйлөнүп келишкенин" билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Лэмми Улуу Британия Украинанын негизги өнөктөшү экенин кошумчалаган.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Лэмминин билдирүүсүн шылдыңга алды.
"Эмне мынча аз? Бронтозаврга чогуу ууга чыкчубуз дебейт белеңер", — деп жазган өкүл.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер
"Январдын соңунда". ЖМКлар Стармердин Путинге каршы оюн "окушту"