БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ украин кризисин жөнгө салуу боюнча планын кийинки жумада коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясында жарыялайт. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Bloomberg агенттиги жазды.
"Документтин долбоору менен союздаштарды Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог тааныштырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Азырынча талкуунун форматы тактала электиги маалымдалды. Конференция 14-16-февраль күндөрү Мюнхенде өтөт.
Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Келлог президент Дональд Трамп Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берерин билдирген. Муну менен бирге ал тынчтык алдыдагы бир нече айда токтошу мүмкүн экенин айткан эле.
Украина маселесин жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы
Өткөн жылдын июнь айында РФ лидери Владимир Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын келтирген. Россия төмөнкү шарттарда ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет:
Украина НАТОго кошулуу оюнан расмий баш тартышы керек;
Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы региондорунан чыгып кетиши зарыл;
Киев бийлиги демилитаризация жана денацификация жасоосу кажет;
Украина нейтаралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы шарт.
Өлкө башчы антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.