Трамп аялдардын мелдешине трансгендерлердин катышуусуна тыюу салды

АКШ президенти Дональд Трамп аялдардын мелдештерине трансгендерлердин катышуусуна тыюу салган жарлыкка кол койду
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп аялдардын мелдештерине эркектердин катышуусуна тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп АКШда 3,5 миңден ашык эркек кыз-келиндердин жеңишин тартып алып, 11 миңден ашык аялдардын мелдешине эркектер кошулуп алганын белгиледи. Ал 1200 чакырымдык аялдар арасындагы веложарышта жаңы рекорд койгон спортчуну мисал келтирип, бул спортчу аялдардын мурдагы көрсөткүчүн 5,5 саатка артка калтырганын билдирди. Ошондой эле оор атлетика боюнча мелдештерде эркек киши аялдардын дүйнөлүк рекордун 200 килограммга жаңыртканына токтолду.
Ал арада америкалык сенатор Томми Тубервилл Трамп Эл аралык олимпиадалык комитеттен аялдардын мелдештерине трансгендерлерди катыштырбоону талап кыларын айтты.
АКШ президенти Дональд Трамп
Трамп USAID чиновниктери пара алган болушу мүмкүн экенин айтты