7-февралга карата аба ырайы

7-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында термометр -1...-6 градусту көрсөтөт.
Ал эми борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +9...+11 градус жылуу болору айтылды.
Күн ачык болот. Бир аптага аба ырайынын божомолу