Тарыхты тасмага түшүрүү өтө маанилүү. Бул тууралуу режиссер жана сценарист Паризат Жакыпова “Стоп кадр” программасында билдирди. Анын айтымында, тарыхты чагылдырган “Жеңижок” фильми "Делбирим" тасмасынын жаратуучулары тарабынан даярдалды. Ал ошондой эле жакында “Жамийла” кино-долбоору жарык көрөрүн, учурда аракеттер башталганын кошумчалады. “Жеңижок” тасмасын УТРК жана “Кыргызтелефильм” тартууламакчы. Фильм быйыл жай-күз айларында Чүй, Ысык-Көл облустарында, Суусамыр өрөөнүндө жана Аксы райондорунда тартылган.