Жетекчи дарыгерлер жеке клиникаларда иштей албайт! Мыйзам тууралуу медиктер эмне дейт?

Sputnik
Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөрү, резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктары, бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албасы, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпасы, бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болору киргизилген.
“Ачык кеп” программасынын мейманы Акпай Сарыбаев киргизилген өзгөртүүлөрдүн медицина кызматкерлери үчүн күнгөй-тескейин айтып берди.