Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев чет өлкөдөн билим алуу үчүн "Эл үмүтү" стипендиясына ээ болгон кыргызстандыктарга күрөө койдуртууну сунуштады. Учурда 36 кыргызстандык дүйнөнүн мыкты деген университеттеринде билим алып жатат. Бир студенттин окуусуна 50 миң доллардан жогору акы төлөнөт. Келишим боюнча, билим алгандар Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматта 5 жыл иштеп бериши керек. Бирок окууну бүткөн соң алар мекенине кайтпай жатканын билим берүү министри билдирди. Андыктан Нурбек Сыдыгалиев акча жөн эле сарпталбашы үчүн алардын кайтып келишине кандай кепилдиктер бар экенине кызыкты. Догдуркүл Кендирбаева келишим боюнча билим алган адам кайтып келбесе стипендияны толугу менен кайтарып берүүгө милдеттүү экенин, андан баш тартса иш сотко өтөрүн айтты. "Шашпай, ушундай жерлерин кайра иштеп чыгып, күрөө киргизүү керек. Эгерде 50 миң доллар берилсе, анда күрөөгө 100 миң доллар же турак жай коюлушу керек", — деди вице-спикер. Кендирбаева буга макул болуп, күрөө киргизиле турганын билдирди.
MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өткөн эмес жана Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестринде да жок. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2024-жылдын март айынан бери “Бирик Туран” ЖЧКсы MCN Coin 12 миллион сомго каттоо үчүн Мамлекеттик каржы көзөмөл органына бир нече жолу кайрылган. Бирок мыйзам талаптары сакталбагандыктан каттоодон баш тартылган. “MCN Coin Виртуалдык активдердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган эмес. Кыргызстандын лицензияланган криптобиржаларында да жок. Лотереяларды же башка дем берүүчү иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилген эмес”, — деди мекеме. 20-январда MCN Coin боюнча бардык материалдар юридикалык баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча кызамык оорусунун жайылышы боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат, биринчиде Казакстан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча уюштурган иш-чарасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Элнура Дүйшеналиева билдирди. Анын айтымында, калктын санын эсептөөдө Кыргызстан Казакстандан алдыда жана негизинен 5 жашка чейинки балдар арасында кызамык менен ооругандар көп кездешет. Белгилей кетсек, кызамык оорусу менен ооруган адам бир эле учурда 12ден 18 адамга чейин оору жуктурат. Ошондой эле кызамык оорусу адамдан адамга аба аркылуу жугуп, инкубациялык мезгили 10-14 күндү түзөт.
АКШ Газа сектору боюнча бардык варианттарды карап жатат, азырынча так бир чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Ушу тапта бардык варианттар каралууда, так бир нерсе айтуудан алыспыз", — деген жетекчи. Газа секторуна америкалык аскер кызматкерлерин жөнөтүү ыктымалдыгына комментарий берип жатып Хегсет жакынкы планда мындай ниет жок экенин белгилеген. Эгер зарылдык жаралбаса жеке өзү аскер жөнөтүүгө каршы экенин айтты.