Токтомго ылайык, Кинематография департаментине жалпы 38 кинотеатр карайт. Алардын 28нин ижарачылар иштетип келет. Бардыгы Советтер союзунда курулган типтүү кинотеатрлар болгондуктан убагында каржы тартыштыгынан улам оңдолбой калып, ижарачыларга келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген. Ал эми мамлекеттик кинотеатрлардын абалын жакшыртуу департаментке жүктөлгөн. Алыскы аймактардагы, райондордогу кинотеатрлардын кээ бирлеринин абалы начар. Инвесторлор болсо аларды бузуп ордуна жаңысын куруу керек. Кино чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн быйыл 950 миллион сомго чейин каражат бөлүнгөнүн Кинематография департаментинин директорунун орун басары Маратбек Асаналиев маалымдады.