Жаздын камын кышта көр – өлкөдө жазгы айдап-себүү иштерине даярдык кандай?

Sputnik
Жаздын камын кышта көр дейт. Анткени күзүндө жакшы түшүм алуу үчүн жайында жакшы кароо менен катар, жазында убакты жана туура айдоо-себүү иштерин жүргүзүү керек. Жазында баарын ойдогудай жасоо үчүн даярдыкты кышында көрүү керек.
Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында жазгы айдап-себүү иштери тууралуу маек курдук. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана багбанчылык чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүн жооптуу адиси Жигиталы Жумалиев жооп берди.