БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский британиялык журналист Пирс Морган менен маектешип жатып Украина согуш учурунда алдырып жиберген аймактарын кайтара албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз аймактарыбызды кайрый албай калдык. Акыл-эсибиз жетиштүү, жыйынтык чыкпай турган нерсеге күч жумшап миллиондогон адамдарыбыздан ажырап кала албайбыз", — деген ал.
Зеленский, мындан тышкары, "жеке мамилесине карабай" РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.
Киев режиминин жетекчиси маегинде Украинада жакын арада шайлоо өтпөй турганын, буга учурдагы согуштук аракеттер себеп экенин, баарын мыйзам алкагына келтириш үчүн өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, Зеленскийдин президенттик мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында аяктаган. Анда аскердик абалдан жана жапырт жүргөн мобилизациядан улам шайлоо жылдырылган болчу.