БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алган.
Саламдашып, сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырган. Лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүшкөнү айтылды.
Си Цзиньпин Садыр Жапаров Жаз майрамында кабыл алынган биринчи чет элдик лидер экенин белгиледи.
"Биздин мамилелер баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жетти. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимге негизделген саясий диалог бекемделүүдө", — деди КЭР төрагасы.
Ал Садыр Жапаровдун президенттиги алдында Кыргызстан өнүгүп, ийгиликтерге жетип жатканын айтып, өлкө улуттук кызыкчылыктарына дал келген көз карандысыз жана өзгөчө өнүгүү жолун тандап алганына ишенимин билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров эки тараптуу алакалар жакшы өнүгүп жатканын белгиледи.
"Кыргызстан Кытайды жөн гана ишенимдүү дос жана өнөктөш катары эмес, реформалардын, көрөгөч лидерликтин жана өз маданиятын урматтоонун сабаттуу айкалышы мыкты натыйжаларга алып келе тургандыгын көрсөткөн шыктандыруучу кошуна катары да көрөт", — деди Садыр Жапаров.
Буга чейин президент Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.