Пресс-борбор

Онищенко: Кыргызстан менен Россиянын өзөктүк медицинадагы кызматташуусу илгерилөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Росатомдун" Кыргызстандын Улуттук онкология борборунда өзөктүк медицина бөлүмүн ишке киргизиши республиканын саламаттык сактоо системасындагы жаңылык болду. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, РФ Билим берүү академиясынын президенти Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборундагы "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" аттуу видеокөпүрөгө катышты.
Аталган бөлүмдүн ишке кире турганы 2024-жылдын сентябрында белгилүү болгон.
"Бөлүмдү толук кандуу борборго айландыруу чечими кабыл алынса, дагы көп адамдар дарыланып, радиофармацевтикалык каражаттардын ассортименти кеңеет. Бул жакшы нерсе. Кыргызстанда ушундай жылыш болгону кут болсун", — деди Онищенко.
Өкмөт менен "Росатом" шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол койду