БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров 2024-жылга чейин менчиктештирилген объектилерди легалдаштырууну сунуштоодо.
Анын айтымында, учурда өлкөдө жеке менчикти коргоо жаатында кризистик жагдай түзүлгөн. Тактап айтканда, соттук териштирүүлөр жылдап созулат, менчиктин кол тийбестиги сакталбайт жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеке менчикти алып коюу боюнча аракеттерди көрүүдө.
"Бүгүн 30-40 жаштагылар ошол мезгилде жаңы төрөлүп же окуучу болуп, менчиктештирүүгө катышкан эмес. Аталган объектилердин азыркы ээлери мүлктү сатып алышкан. Ошого карабастан, бүгүнкү күнү дал ушул жарандар менчиктештирүү бүтүмдөрүн кайра карап чыгууга байланыштуу укуктук белгисиздикке жана тобокелдиктерге туш болууда", — деп айтылат маалыматта.
Бул өз кезегинде инвесторлорду чочутуп, ички капиталдын сыртка агылышына же мүлккө салына турган каражаттын "тоңдурулушуна" алып келип, экономикага терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
"Ушуга байланыштуу эгерде ак ниет сатып алуучу объектини адал табылган акчага сатып алса жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген бардык зарыл укукту күбөлөндүрүүчү документтерди алса, ушул мыйзам долбоору менен менчиктештирүү жол-жоболорунун алкагында жеке менчикке өткөрүп берилген объектилерди легалдаштыруу сунуш кылынат. Демек, андай документтердин болушу анын менчик укугун таануу үчүн талашсыз негиз болуп саналат", — деп белгилеген депутат.
Аталган мыйзам долбоорунда мунапыс берүү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
менчиктештирилүүгө жатпаган мүлктүн тизмегине киргизилген объектилерге;
социалдык-турмуш-тиричиликтик жана социалдык-маданий багыттагы объектилерге.