Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип 34 жаштагы А.Н. жана 35 жаштагы К.К. кармалган.
Тергөөдө алар Бишкектин мечиттерине экстремисттик матераилдарды таратып, экстремисттик идеологияны жайылтып, уюмга жаңы адамдарды азгырып жүргөнү белгилүү болду.
1 / 2

Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду

2 / 2

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип 34 жаштагы А.Н. жана 35 жаштагы К.К. кармалган

Кармалгандардын үйүнөн экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылганы кошумчаланды.
Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды.
ШКУда террордук кылмышы үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү