БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кытайга буурчак, жүн, канаттуулардын этин экспорттоону жеңилдетүү макулдашылды. Бул тууралу Суу рессрустары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 20 документке кол коюлган.
Айыл чарба багытындагы макулдашуулар:
Кытайга төө буурчак, канаттуулардын эти жана жуулган жүн менен кашемирди экспорттоону жеңилдетүү макулдашылды;
минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу боюнча мурдагы келишим жаңыртылды. Ага ылайык, инвестиция көлөмү 260 миллион доллардан 410 миллион долларга чейин көтөрүлө турган болду;
"Кыргыз агрохолдинг" компаниясы менен Кытай компаниясынын ортосунда 1 миллиард юань суммасындагы келишим түзүлдү. Андан сырткары, дагы бир кытайлык компания менен 1 миллион долларлык макулдашууга кол коюлду.
Мындан тышкары, суу рессрустары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Кытай айыл чарба илимдер академиясы жана China Telecom компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, "акылдуу ранчо" технологияларын киргизүүнү талкуулаганы кошумчаланды.