Трамп USAID чиновниктери пара алган болушу мүмкүн экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) чиновниктери каржылоого байланыштуу чечимдер үчүн пара алган болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, каражат чындап муктаждарга эмес, башка жактарга кеткен.
"Мен ал жакта паранын көлөмү кандай болгонун билгим келет. Мынчалык акчаны ким коротмок эле… Ал жакта көз боёмочулук, үрөй учурган абал болгон. Жүз миллиондогон доллар ар кандай топторго, татыксыздарга кетип жатты. Менимче, акчаны алгандар каражат бөлүнүшү үчүн өкмөт өкүлдөрүнө пара беришкен болушу мүмкүн. Абдан коррупциялашкан уюм. Бир суроо бар, паранын көлөмү кандай эле?" — деди Трамп.
Буга чейин өлкө башчысы мамлекеттик катчы Марко Рубиону USAID уюмунун убактылуу жетекчиси кылган. Ал өз кезегинде чет өлкөгө жардам берүү маселесин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеген.
Ак үй USAID уюмунун ыксыз чыгымдарын көрсөттү. Графика