Кыргыз медиктери жасалма интеллектин жардамы менен жүрөк ооруларын аныктоого киришишти. Жаңы ачылыш тууралуу маек

Sputnik
Кыргыз дарыгерлери жасалма интеллекти медицинада колдоно башташты. Элге белгилүү эки кардиолог Ишенбай Молдоташев менен Дамир Осмонов жүрөк ооруларынын алдын алууда жасалма интеллектин орду чоң экенин айтышат. Алар иштеп чыккан тиркеме көп каражат кетирбестен, кыска убакытта диагноз коюуга жөндөмдүү. Адам 10-15 жылга ладын-ала өзүндө пайда болуусу ыктымал болгон жүрөк оорулары тууралуу маалымат ала алат. Учурда 1000 ден ашуун кишиге сыналып көргөн ыкма кыргыз медицинасында ордун табабы? Ал эмнеден турат жана кантип колдонот? Медиктердин жардамы жок эле диагноз коюуда ар бир адам колдоно береби? Алдыда кененирээк маалымат алабыз.