Бишкектеги мектептерге Face ID көзөмөл системасы кирди – окуучулардын коопсуздугу үчүн дагы кандай иштер аткарылышы керек?

Sputnik
Бишкек шаарындагы 109 мектепке жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду. Учурда көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатканы, калгандары жакында ишке кирери кабарланды.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында жаңы орнотулган видео көзөмөлдөр дегеле борбор калаанын мектептериндеги окуучулардын коопсуздугу тууралуу маек курдук. Биздин сурпоролорубузга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гузель Турдубаева жооп берди.