“Газпром Кыргызстан” компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында бир миллиард сомго жакын каражат газдаштырууга жумшалат. Бирок муну 2-3 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан мэрия же дагы башка мамлекет ишканалар да маселе чечүү жагын караса деген ниетте ар кандай талкуулоолор да өткөрүлүп жатат. Программанын жүрүшүндө Арзымат Алдаяров 2024-жылга карата газдаштыруу иштери, каржылык маселелер, көйгөйлөр жана коопсуздук эрежелери тууралуу айтып берди. 2025-жылга карата алдыга коюлган пландар тууралуу да маалымат бердик.