2024-жылы өлкөдө ИДПнын көлөмү 1,5 триллион ашык сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 9 пайызга өсүү болгон. Ал кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн, товар өндүрүү тармактарынан алынган салыктардын жогорулашы менен камсыздалды. Мындан тышкары өткөн жылы өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 585 миллиард сомдон ашык түзүп, физикалык көлөмү – 5,5 пайызга өстү. Экономиканын бардык тармактарында оң динамика камсыз кылынып, курулушта өндүрүштүн көлөмү 18 пайызга, тейлөө чөйрөсүндө – 9,3 %га, өнөр жайда – 5,6 %га, айыл чарбасында – 6,3 %га өстү. Ал эми Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 4,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 9, 1 пайызга жогорулаган. Эң чоң үлүшү Россияга (71, 2 пайыз) андан кийин Казакстанга (26,9 пайыз) туура келерин Улуттук статисикалык комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымдады. республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга.