Иш-чара 4-февралда, шейшемби күнү, саат 11:00дө онлайн-режимде өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан маалымат борборунун "ВКонтакте" социалдык тармагындагы баракчасында көрсөтүлөт.
"Кыргыз Республикасында ырым-жырымды, мааракелерди жана каада-салттарды өткөрүүдө ысырапкорлукту чектөө жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге ири айыптарды киргизүүнү камтыйт. Бул көйгөйдү президент Садыр Жапаров дагы бир нече ирет козгогон. Кайсы каада-салт сакталып, кайсынысынан баш тартуу керек? Бул мыйзам долбоору ысырапчылык менен күрөшүүгө жардам бере алабы? Мааракелерди өткөрүүдө эл эмне үчүн өзү чыгымдарды көбөйтөт? Ушул жана башка суроолорду талкуулай турган адистер:
Капалбаев Октябрь Эркинович — президенттик аппараттын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү;
Кудайбергенов Борончу Молдокматович — куудул жана тамада;
Барпиев Эшенкул Ашымович — "Тамада борборунун" төрагасы.