Конференцияда нацисттик Германиянын биротоло талкаланышы жана согуштан кийинки дүйнө түзүлүшү боюнча пландар талкууланган.
Рузвельт жолугушуу үчүн Россия менен АКШнын ортосунда делген Шотландияны сунуштаган. Бирок Сталин Кызыл армиянын чабуулун көзөмөлдөө жүйөсү менен андан баш тарткан.
Жолугушуу алдында Крымга НКВДнын төрт полку, 160тан ашуун аскердик учак, Кара деңиз флотунун аскердик кемелери тартылган.
Делегациялар келгенден кийин катуу ооруп жаткан Рузвельтти Сталин конференция өтчү Ливадия сарайына, Черчиллди 15 чакырым алыстыктагы Воронцов сарайына жайгаштырган.
Тарыхчылардын документтерине ылайык, дал ушул Ялтада Сталин нацисттерди соттой турган аскердик трибунал түзүүнү демилгелеген.