Сокулукта аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, милицияга 3-февралда Д.Н. жана Д.З. аттуу жубайлар ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде териштирүү иштери жүрүп, коргоо ордери берилген.
4-февраль күнү саат 9:36 ченде милицияга кайра эле ошол даректеги (Лесная көчөсү) үйдөн аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келген.

"Тергөөдө белгилүү болгондой, 4-февраль саат 8:00 чамасында кызганычтан жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Д.Н. аттуу киши аялына бычак уруп, натыйжада жубайы ошол жерден көз жумган", — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, 40 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Бишкекте 51 жаштагы киши аялын өлтүргөнүн милицияга өзү кабарлаган