Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекинге барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Пекин шаарындагы "Шоуду" эл аралык аэропортуна мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытайдын Турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
“Мамлекеттик сапардын программасына ылайык эртең, 5-февралда, Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”, — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Президент Садыр Жапаровду Кытайга болгон мамлекеттик сапарында биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп барды

2 / 3

Пекин шаарындагы "Шоуду" эл аралык аэропортуна мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди

3 / 3

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу каралган

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу миллиондордун жашоосун жакшыртат