БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты.
Премьерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Алар 31-январда Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жетишилген макулдашууларды өнүктүрүү максатында Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча пикир алышканы айтылды.
Мишустин менен Касымалиев Россия менен Кыргызстандын өз ара кызыкчылыктарды камтыган бардык тармактар боюнча кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин белгилешкен.