Пресс-борбор

Муфтияттын өкүлү: салтка, каадага, динге туура келбеген нерселер пайда болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Салтка, каадага, динге туура келбеген, ойдон чыгарылган чыгымдар пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Равшан Эратов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Ырым-жырымды, мааракелерди жана каада-салттарды өткөрүүдө ысырапкорлукту чектөө жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган кереге кеңешке катышты.
"Бул мыйзам долбоору — учурдун талабы. Анткени буга чейин президенттин жарлыгы чыгып, дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган. Эки жылдан бери айылдын активдери, аксакалдары менен талкуулар өттү. Ошолордон белгилүү болгондой, же салтка, же каадага, же динге кирбеген, ойлоп чыгарылган ашыкча нерселер көп экен. Ушундай аша чапкандыктан социалдык теңсиздик жаралууда. Бирөөдөн көрүп, текеберлик менен атаандашып, ысырапчылык болууда. Бул үй-бүлө бюджетине зыян алып келүүдө, муну ооздуктоо керек", — деди Эратов.
Ал ысырапкерчиликти мыйзам менен чектебесе, оозеки түшүндүрүүгө моюн толгогондор бар экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы болду