БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. НАТО Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жашыруун тактикасын иштеп чыккан. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Марк Рютте билдиргенин Newsweek гезити жазды.
"НАТО мамлекеттеринин Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү боюнча жашыруун стратегиясы бар. Тактикадан РФ президенти Владимир Путиндин кабары жок", — деген ал.
Рюттенин айтымында, мындай саясат "ансыз да акылдуу Путиндин акылын ого бетер арттырып жибербөө" аракети менен байланыштуу.
Белгилей кетсек, Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет айткан, бирок Киев ага мыйзам чегинде тыюу салган. Владимир Зеленский 2022-жылдын октябрында россиялык жетекчилик менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салган жарлык чыгарган эле.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу буга чейин Батыш Украинанын согушка жарамдуулугун калыбына келтирүү үчүн 100 миң кишини камтыган тынчтык орнотуучу контингентти жайгаштырарын билдирген. Чалгын кызматы мындай аракет Украинанын оккупациясын түшүндүрөрүн айткан болчу. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучулар эки тараптын тең макулдугу менен гана жайгаштырыларын, азыр бул тууралуу кеп кылуу эртелик кыларын белгилеген.