Министрлик 2030-жылга чейин электр энергиясына тариф канча кымбаттаарын айтты

Лампочка. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 2030-жылга чейин электр энергиясына тариф 2,60 сомго чейин кымбаттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Ал белгилегендей, азыр бир киловатт-саат 1,11 сом, баа жылына орто эсеп менен 15 пайызга көтөрүлөт. Ага ылайык, тарифти төмөнкүдөй көтөрүү пландалган:
2025-жылы — 26 тыйынга;
2026-жылы — 21 тыйынга;
2027-жылы — 24 тыйынга;
2028-жылы — 27 тыйынга;
2029-жылы — 31 тыйынга;
2030-жылы — 36 тыйынга.
Депутат Мирлан Самыйкожо энергетика министри буга чейин тариф жыл сайын 40-60 тыйынга жогорулай турганын айтканын эске салып, Керимовдон тактоону суранды.
"Ооба, министр мурда ушундай айткан. Бирок биз жарандардын пикирин, социалдык тармактардагы реакцияны эске алып, долбоорду кайра карап чыктык. Эми элге ыңгайлуу жана ийкемдүү тарифти сунуштап жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Бассейндеги аял. Архив
Мончо, унаа жуугуч, бассейн иштеткендер үчүн суунун тарифин көтөрүү каралууда