БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан.
"Көп сандаган (Жакынкы Чыгыш) көйгөйлөрдүн ачкычы Палестина мамлекетин түзүүдө жатат. Бул темада БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциялары кабыл алынган. Эки мамлекеттин чечими бардык тышкы оюнчулар, анын ичинде Байдендин администрациясы тарабынан тастыкталган. Трамптын администрациясы, менин оюмча, бул маселе боюнча өз позициясын азырынча так айта элек", — деди Лавров.
Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөнүн айтты.
"Бизге экинчи этапта (тынчтык келишиминин – ред.) көйгөйлөр болот деген белгилер азыртадан эле түшө баштады. Израилдин башкаруучуларынан ХАМАС биринчи этапта өз милдеттерин так аткарган жок деген сөздөр чыгып жатат. Ошондуктан тынчтык орнотууда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз", — деди Лавров.
Белгилей кетсек, Москва БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формулага ылайык, 1967-жылдагы чек арасы менен борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүнү жактап келет.