БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кытай АКШдан импорттогон көмүргө жана суюлтулган газга 15 пайыздык бажы салыгын киргизет. Бул тууралуу КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин алдындагы тарификация жана классификация комитетинин билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
Документте АКШдан келген товарларга кошумча салык 10-февралдан тарта киргизилери белгиленген.
"Америкадан импорттолгон көмүр менен суюлтулган газга 15 пайыздык бажы салыгы киргизилет, мындан тышкары, чийки мунайга, айыл чарба техникасына, кыймылдаткычынын көлөмү чоң автоунааларга жана пикаптарга кошумча 10 пайыздык салык чегерилет", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Кытай, Мексика жана Канадага бажы салыгын киргизерин айткан. Өлкө башчы Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн жүйө келтирген.
Бүгүн Канада жана Мексика менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп кошумча салыкты бир айга чейин токтото туруу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Бул үчүн эки мамлекет бир катар милдеттемелерди алган.
Муну менен бирге Трамп 24 сааттын ичинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен да сүйлөшүү ниети бар экенин билдирген.