БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Украинага курал-жарак жөнөтүүнү токтотуп койгон АКШ аны кайра жандантты. Бул тууралуу Reuters өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
Кабарда Вашингтон алгач Киевге аскердик жүк жөнөтүүнү биротоло токтотууга белсенгени айтылат. Агенттик президенттин администрациясында курал-жарактын Украинага делген көлөмү боюнча талаш-тартыш күч экенин жазууда.
Эскерте кетсек, Москва Украинаны куралга шыкоо эч нерсени өзгөртө албай турганын, болгону жаңжалды узартып жатканын көп ирет айткан. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге делип курал-жарак жүктөлгөн автотранспорттун бардык түрү россиялык армиянын мыйзамду бутасына айланарын эскерткен.