5-февралга карата аба ырайы

5-февралда республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көп жерине туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Ысык-Көл, Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 1…3, Ош шаарында 8…10 градусту көрсөтөт.
Жаздын илеби келип... Февралда аба ырайы кандай болот