Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Жазаларды аткаруу кызматы Юстиция министрлигинин курамынан чыгарылып, министрлер кабинетине караштуу өзүнчө мамлекеттик орган болуп түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечимди жаза аткаруу системасынын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, бул органга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) деген мурдагы аталышы кайтарылды. Башкармалык 2021-жылдан бери Юстиция министрлигинин курамында болуп келген.
2030-жылга чейин электр энергиясына тариф 2,60 сомго чейин кымбаттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Ал белгилегендей, азыр бир киловатт-саат 1,11 сом, баа жылына орто эсеп менен 15 пайызга көтөрүлөт. Ага ылайык, 2025-жылы — 26 тыйынга; 2026-жылы — 21 тыйынга; 2027-жылы — 24 тыйынга; 2028-жылы — 27 тыйынга; 2029-жылы — 31 тыйынга; 2030-жылы — 36 тыйынга которуу пландалган.Депутат Мирлан Самыйкожо энергетика министри буга чейин тариф жыл сайын 40-60 тыйынга жогорулай турганын айтканын эске салып, Керимовдон тактоону суранды. "министр мурда ушундай айткан. Бирок биз жарандардын пикирин, социалдык тармактардагы реакцияны эске алып, долбоорду кайра карап чыктык. Эми элге ыңгайлуу жана ийкемдүү тарифти сунуштап жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан. Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөнүн айтты.Белгилей кетсек, Москва БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формулага ылайык, 1967-жылдагы чек арасы менен борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүнү жактап келет.
Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга 31 жаңы калктуу конуш кошулат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматка ылайык, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандардын социалдык төлөмдөрү инвентаризацияланып, бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси анализденди. "Жер-жерлерде жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн негизинде бийик тоолуу аймактардын катарына 31 жаңы калктуу конуш кошулду", — деп айтылат маалыматта. Мындан улам Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан. "Аталган калктуу конуштарда жашаган жана иштеген жарандардын эмгек акыларына кошумча төлөмдөр үчүн 304,7 миллион сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 304,9 миллион сом керектелет", — деп жазылган документтин негиздемесинде.