Баланы мектепке берерде анын эмоционалдык жана акыл-эсине, социалдык, физикалык көндүмдөрүнө көңүл буруу керек. Анткени бул баланын өнүгүүсүнө жана анын мектептеги ийгиликтерине түз таасирин тийгизет. Жалпы кабыл алынган норма боюнча, Кыргызстанда жана көпчүлүк өлкөлөрдө баланы 6 жаштан мектепке берүү сунушталат. Бул куракта балдар мектепке барууга даяр болуп калат. Бирок айрым ата-энелер 7 жашта берүүнү туура көрүшөт. Эгер балаңыздын эмоционалдык жана акыл-эс өнүгүүсү жакшы болсо, аны 6 жашта мектепке берүү ылайыктуу.
Эгер баланын даярдыгы боюнча күмөн санаса эмне кылса болот? Баланын мектепке даярдыгын кантип билсе болот? Алар үчүн мектеп программалары кандай болуш керек?
Жооптуу “Көз мончоктон” тыңданыз.