Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга 31 жаңы калктуу конуш кошулат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматка ылайык, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандардын социалдык төлөмдөрү инвентаризацияланып, бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси анализденди. "Жер-жерлерде жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн негизинде бийик тоолуу аймактардын катарына 31 жаңы калктуу конуш кошулду", — деп айтылат маалыматта.Мындан улам Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан."Аталган калктуу конуштарда жашаган жана иштеген жарандардын эмгек акыларына кошумча төлөмдөр үчүн 304,7 миллион сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 304,9 миллион сом керектелет", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
УКМК кыймылсыз мүлкүн алдатып жиберген жаранга батирин кайтарып берди. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шылуундар 66 жаштагы жарандын батирин риелтордук компанияга саттырышкан. "Өздөрүн Улуттук банктын өкүлү, ИИМдин тергөөчүсү жана УКМКнын кызматкери катары тааныштырып жабырлануучуга телефон чалышкан. Ар кандай жолдор менен аны риелтордук компанияга батирин өз баасынан арзан саттырышкан. Алдамчылар акчаны алууну пландап жатканда жабырлануучу шектенип УКМКга кайрылган. Натыйжада кимдер телефон чалганы аныкталып, номер клон экени белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында риелтордук компания батирди кайтарып берүүгө макул болгону кошумчаланды. Ошондой эле кылмышкерлер өзүлөрүнүн алдамчылыгы үчүн жасалма интеллектини пайдаланганы белгиленди.
Курулуш боюнча эксперт, куруучу Өмүрбек Абдысаматов Кыргызстанда жер үйдү толук куруп бүтүрүү 6-7 айга созуларын айтты. Үй курууда бардык этапты бир бригадага тапшырган ыңгайлуу. Эң башкысы, кесипкөй, тажрыйбалуу адистерди табуу керек.Анын айтымында, өлкөдө үйдүн пайдубалынан баштап орто деңгээлдеги дизайны, материалдары менен толук ремонтун жасап берүү орто эсеп менен чарчы метрине 450-500 долларды түзөт. Ошондой эле ал көп кабаттуу турак жайлардагы батирлердин ремонту орточо 3-4 айга созуларын, ар бир этапты кесипкөй адистер аткарышы керектигин кошумчалады.
НАТО Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жашыруун тактикасын иштеп чыккан. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Марк Рютте билдиргенин Newsweek гезити жазды.Рюттенин айтымында, мындай саясат "ансыз да акылдуу Путиндин акылын ого бетер арттырып жибербөө" аракети менен байланыштуу.Белгилей кетсек, Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет айткан, бирок Киев ага мыйзам чегинде тыюу салган. Владимир Зеленский 2022-жылдын октябрында россиялык жетекчилик менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салган жарлык чыгарган эле.Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу буга чейин Батыш Украинанын согушка жарамдуулугун калыбына келтирүү үчүн 100 миң кишини камтыган тынчтык орнотуучу контингентти жайгаштырарын билдирген. Чалгын кызматы мындай аракет Украинанын оккупациясын түшүндүрөрүн айткан болчу. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тынчтык орнотуучулар эки тараптын тең макулдугу менен гана жайгаштырыларын, азыр бул тууралуу кеп кылуу эртелик кыларын белгилеген.