2024-жылдын статистикалык маалыматына караганда, жалпы балдар тарабынан жасалган 1552 кылмыш катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 5, 6 пайызга көбөйгөн. Балдар арасында денеге залал келтирүү, урдоо, тоноо, каракчылык кылмыштары көп аныкталган. Мектептерде рэкетчилик дагы бар. Былтыр иши сотко өткөрүлүп берилген 8 факт катталган. Мындан улам ИИМдин демилгеси менен беш мекеме биригип алдын алуу иштерин жүргүзүп келет.
Балдар арасындагы экетчилик көмүскөдөгү көйгөй жана аны менен жалпы коомчулук бирегелешип күрөшүү керектигин “Күн башат” берүүсүнүн коноктортору айтып беришти.