БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Эркин Мамбеталиевге (Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы катары белгилүү) чыгарылган өкүмдү жокко чыгарууну өтүнүүдө. Жогорку соттогу отурум 4-февралга белгиленди.
Өтүнүчтү сотко Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары Нурбек Каимов берген.
Белгилүү болгондой, көзөмөл органы ишкер Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу өкүмдөрдү жокко чыгарууну суранууда. Ал 2005-жылы Бишкектин борборунда киши колдуу болуп, айдоочусу жаракат алган. Алгач Эркин Мамбеталиев адам өлтүрүүгө жана башка кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул өкүм бир нече жолу өзгөртүлгөн, анткени иш жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра козголгон. Жыйынтыгында Жогорку сот 2010-жылы Мамбеталиевди 17 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алып, бирок мунапыс колдонуп жаза мөөнөтүн үчтөн бирине кыскарткан.
Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира Жогорку Кеңештин депутаты.