БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.
Эскерте кетсек, Трамп президенттик кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Колдоо көрсөтүлбөй калгандардын арасында Тайвань, Украина да бар.
USAID уюмунун социалдык тармактагы миллион катталуучусу бар аккаунту жок болуп, агенттиктин сайты да иштебей калды.
АКШ өкмөтүнүн майнаптуулугун арттыруу боюнча ведомствонун жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмунун жашыруун жайларына кире албай койгон. Ал кызматкерлердин баары азыр "административдик өргүүдө" экени айтылды.
Маск USAID уюмун кылмыштуу топ деп атап, биротоло жоюуга мезгил келгенин жазып чыкты.