БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Сокулукта 436 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка караганда, бул жерди "Рассвет" биргелешкен чарбасы документтери жок колдонуп келген.
"1995-жылдан бери "Рассвет" чарбасы жарандарга үлүш катары бериле турган 436 гектар жерди документтери жок пайдаланып келген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат бул ишке тиешеси барларды аныктап жатканын кошумчалады.