ЖМКлар Трамп өз чечими менен АКШга кандай сокку урганын ачыкташты

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Канада, Мексика жана Кытайга карата салынган соода пошлиналарынан америкалыктар жапа чеге баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
"Президент Трамп жекшемби күнү Мексика менен Канадага карата масштабдуу тарифтери "ооруксунтканы" менен акыр-аягы "алтын доорго" кептей турганын айтты. Жаркын келечек тууралуу айтканы өтө кубанычтуу, бирок зыяны жарлык күчүнө кире электе эле сезилип жатат", — деп жазылат макалада.
Басылманын айтымында, Ак үй башчысынын мындай саясаты АКШ үчүн кесепеттүү болот. Материалда "Мексика менен Канадага жасалган катуу сокку" бир да мамлекет, болбосо бир да тармак мындай тагдырдан четте кала албай турганын көрсөткөнү белгиленген. Авторлор Трамптын буга окшогон кадамдары АКШнын досун да, касын да америкалык рынокко байлануунун зарылдыгы тууралуу ойлонто баштайт дешүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Трамп Канада менен Мексиканын товарларына 25 пайыздык бажы салыгын киргизген, азырынча 10 пайыздык чен менен канадалык энергоресурстар гана алынууда. Мындан тышкары, Кытайдын 10 пайыздык пошлина менен кирген товарларына дагы ушунча кошулду.
Германиянын вице-канцлери: Европа деле АКШга бажы салыгы менен жооп бере алат