БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Германиянын вице-канцлери жана өлкөнүн экономика министри Роберт Хабек эгер АКШ президенти Дональд Тромп Европадан барган товарларга бажы салыгын киргизсе, ЕБ мамлекеттери да салыктын ушул түрү менен жооп бере аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз жооп иретиндеги бажы салыгын киргизүүгө даярбыз. Америкалыктар бул жакшы эмес демилге экенин түшүнүшү керек. Алар дагы жоготууга дуушар болорун айтышыбыз кажет. Оюбуз ишке ашпай калган күндө да кол жоолук болуп калбашыбыз керек", — деген Хабек Kölner Stadt-Anzeiger гезити уюштурган иш-чарада.
Анын айтымында, Германиянын экономикасы Европада ушу тапта алсыз болуп турат.
Эскерте кетсек, Трамп буга чейин Евробиримдиктен келген товарларга пошлина киргизерин, буга Брюсселдин Вашингтонго жасаган "начар" мамилеси себеп экенин айткан. АКШ президенти Канада, Мексика жана Кытайдын товарларына бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койду.