БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин Эркин Чечейбаев аткарат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
51 жаштагы Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — башкы санитардык врач кызматын аркалаган.
Ал эми министрлик кызматты ээлеп турган Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн өз арызы менен иштен кеткен.